• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Орусияда ашпозчуну өлтүрүүгө айыпталган тажик жараны 6,5 жылга соттолду

14 Теке 2023 8:59 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Мытищи шаарында кафе кызматкерин өлтүрүү айыбы менен кармалган Тажикстандын жараны Сайёра Дусаева 6,5 жылга эркинен ажыратылды.

Орусиянын Тергөө комитети 36 жаштагы Дусаева Грузиянын жаранын өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылганын билдирди.

Грузин жаранынын өлүмү менен аяктаган окуя быйыл жыл башында Мытищи шаарындагы «Хинкальная Тбилисо» кафесинде болгон. 4-январда анда иштеген 50 жаштагы грузиялык ашпозчу жакында эле турмушка чыккан Сайёранын дарегине ыксыз тамаша айтып, ортодо жаңжал чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, ашпозчу аялга кол көтөрүп, аны чачынан сүйрөгөн. Сайёра бошонууга аракет кылып, аны колуна тийген ашкана бычагы менен бир нече жолу сайып жиберген. Жыйынтыгында грузиялык ашпозчу алган жараатынан улам каза болгон.

13-июлда Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Сайёра Дусаеванын адвокаты соттун айыптоо өкүмү боюнча кассациялык арыз жазарын билдирди.

Тажикстандын ички иштер министрлиги Рамазон Рахимзода бул ишти калыс тергөө өтүнүчү менен орусиялык кесиптешине кайрылган. Анын катында «ашпозчу Сайёра Дусаеваны катуу сабап, кемсинтип, анын ар-намысына шек келтиргени, мындан улам Дусаева өзүн коргоо үчүн бычак колдонууга аргасыз болгону» жазылган.

25-январда Тажикстандын Москвадагы элчилиги Дусаева камакка алынгандан кийин анын сегиз жаштагы уулу жалгыз калгандыктан, ал мекенине жөнөтүлгөнүн билдирген.

Теги:
Количество просмотров: 77