• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусияда аскер комиссариатын өрттөөгө айыпталган казак жараны 13 жылга соттолду

5 Бугу 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

2-майда Орусиянын Биринчи Чыгыш округдук аскер соту Омск шаарынын борборунда аскер комиссариатын өрттөгөн казак жараны Ансаган Молдахметовду 13 жылга эркинен ажыратканы белгилүү болду.

Ал алгачкы үч жылын абакта, калганын катаал режимдеги колонияда өткөрөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар расмий маалыматтарга шилтеме жасоо менен билдиришти.

Казакстандык топ адам менен террордук акт жасаган деп табылды. Тергөөнүн маалыматы боюнча былтыр 13-майда Молдахметов жана Казакстандын дагы бир жараны, издөөдөгү Сейил Муратулы Омск аскер комиссариатын «Молотов» коктейли менен өрттөп салган. Бул үчүн ага белгисиз бирөө Телеграм аркылуу алты миллион теңге (800 миң рублга жакын) сунуштаганы айтылган.

Сибирь.Реалии кабарлагандай, өрттөн кийин экөө Орусиядан чыгып кетишкен, бирок Молдахметов бир канча убакыттан кийин кайтып келгендиктен, чек арада кармалган.

2022-жылы 13-майда жергиликтүү маалымат каражаттары Омск шаарынын борборундагы аскер комиссариатынын имараты өрттөлгөнүн жазып чыгышкан. Имараттын терезелери сынган, күйгөн.

Былтыр февралда Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын ондогон шаарларында аскер комиссариаттарын өрттөө аракеттери катталды. Дээрлик бардык учурда олуттуу зыян же өрттөн жабыркагандар катталган жок. Бирок акыркы айларда Орусиянын тергөө органдары жана соттору мындай аракеттерди террордук чабуул катары баалап, айыпталуучуларды узак мөөнөткө эркинен ажыратууда.

Количество просмотров: 79