• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Орусияда аскерге чакыруу курагынын төмөнкү чеги өзгөрүүсүз калат

21 Теке 2023 16:12 Бишкек Govori.TV

Орусияда аскерге чакыруу курагынын төмөнкү чеги өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын коргонуу комитетинин башчысы Андрей Картаполов билдирди.

Ошол эле маалда ал аскерге чакыруу курагынын жогорку чеги 27 жаштан 30 жашка чейин көтөрүлөрүн айтты.

«Негизги өзгөртүү бул жогорку чекти 30 жашка чейин көтөрүү. Төмөнкү чекти 18 жаш бойдон калтыруу чечими кабыл алынды. Анткени уландардын көбү дал 18 жаш курагында аскерге кетүүнү каалашат. Мыйзам кабыл алынса аскерге чакыруу курагы 18 жаштан 30 жашка чейин болуп калат. Тиешелүү өзгөртүүнү комитет колдоду», – деди Картаполов («Интерфакстын» цитатасы).

Депутаттын айтымында, жаңы нормалар 2024-жылдан тарта иштей баштайт.

Аскерге чакыруу курагын 18-27 жаштан 21-30 жашка чейин жогорулатууну Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу былтыр декабрда сунуштаган. Анда анын бул демилгесин президент Владимир Путин колдогон. Өкмөт сунушту майдын аягында жактырган.

Июнда Мамдуманын депутаттары 2026-жылга чейин акырындык менен аскерге чакыруу курагын жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Июлда орус парламенти жарандардын мобилизациялык резервдеги курагын 65 жашка чейин жогорулаткан мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык, жарандар үчүн мобилизациялык резервде болуу курагы 65, кичи наамдагы офицерлер үчүн 60 жана башка наамдары бар офицерлер үчүн 55 жашка чейин жогорулатылат.

Количество просмотров: 143