• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Орусияда автобустун жүргүнчүлөрүн куткарган кыргыз жигити сыйланды

4 Аяк оона 2019 14:22 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Пермь облусундагы жол кырсыгына учураган автобустун жүргүнчүлөрүн куткарган кыргыз жигити сыйланды. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, облустук Ички иштер башкармалыгынын коомдук кеңеши Бекзат Максатбек уулуна ыраазычылык кат жана китеп тапшырды.

Эске салсак, автобус 17-августта имаратты сүзүп алган. Анын ичинде 59 киши болгон. Жол кырсыгында бир аял каза тапты.

Пермде таксист болуп иштеген 20 жаштагы Бекзат Максатбек уулу биринчилерден болуп жүргүнчүлөргө автобустан чыгууга жардам берип баштаган.

Количество просмотров: 459