Кыргыз, өзбек, тажик жарандары кайрадан документ жасатуу үчүн узун кезекте турган сүрөттү фейсбук колдонуучу Нурайым Идирисова жарыялады.
“5680-очередь болуп, таң атып, кеч кирип кетсе да күтүп отурушат экен. Муну мигрант гана жон териси менен сезип, канчалык көйгөй жаратканын билбесе, элчи, бийлик муну билбейт окшойт”,- деп жазат ал.
Кечээ, 16-февралда парламент депутаттары Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгону менен Орусияда мигранттардын укуктары корголбой, акыркы убактарда аларга коюлган талап-шарттар катаалдашып жатканын сынга алышты. Орусия миграциялык мыйзамдарды улам катаалдатып келатат. Маселен, жаңы медициналык талаптар киргизилип, ага ылайык эмгек мигранттары 3 ай сайын текшерүүдөн өтүп турушу керек.