• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Орусияда канализацияны тазалап жаткан эки кыргызстандык каза болду

8 Баш оона 2022 9:56 Бишкек Govori.TV

Москвада жаан учурунда канализацияда оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда жоголгон үч жумушчу каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 7-август күнү болгон. Люблино районунда 13 жумушчу арыкты тазалап жаткан учурда катуу жамгыр жаап, суунун агымы көбөйүп аларды агызып кеткенин билдирген. Бешөө коллектордон өз алдынча чыгып, дагы бешөөнү куткаруучулар чыгарган, үчөөнү таба албай калышкан. Кийинчерээк жоголгондордун баары каза тапканы белгилүү болду.

Алардын бири Тажикстандын жашоочусу, ал эми экөөсү Кыргызстандан экени белгилүү болду.

Количество просмотров: 659