• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Орусияда келин-уулуна болушам деген кыргыз жараны бычакталды

10 Кулжа 201916:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргыз жараны бычакталган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкен.

Маалым болгондой, элчиликке кыргыз жараны кайрылып, анын аялына мас абалдагы белгисиз кишилер тийишкенин айткан. Келинге анын кайын атасы болушуп, натыйжада бычактан жаракат алып,ооруканага түшкөн.

Ал эми бычак шилтеген адамдын өздүгү аныкталып, ал мурда соттолгон Орусиянын жараны экени белгилүү болгон. Катталган окуяны элчилик өз көзөмөлүнө алып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылган.

Количество просмотров: 12