Новосокольнический районуна курулушка иштөөгө келген Кыргызстандын 90 жаранынын ичинен 16сынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги орусиялык басылмалардын бирине шилтеме берип жазды.
«Невельский вестник» гезити Невельский райондор аралык ооруканасынын башкы дарыгерине шилтеме берип билдиргендей, алардын бардыгы Псков шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Алар менен байланышта болгон калган 74 курулушчу Невельский районунда жайгашкан обсервацияга жиберилген,-деп айтылат маалыматта.
Алар эки жумага обсервацияга алынган.