• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусияда кыргыз жараны адам өлүмүнө айыпталууда (видео)

31 Үчтүн айы 2020 18:26 Бишкек Govori.TV

Орусияда кыргыз жараны 39 жаштагы адамдын өлүмүнө айыпталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бүгүн, 31-январда билдирүү таратты.

Маалым болгондой, окуя 20-январда Симферополь бульварындагы соода түйүндөрдүн биринде болгон. Анда дүкөндүн кассасында иштеген кыргыз жараны кардар бир банка кофени катып алганын айтып, видеобайкоодогу жазууну көрүшкөндө кардар кофени уурдап алганы аныкталган. Буга байланыштуу пикир келишпестик жаралып, кыргыз жараны кардарды көкүрөк туштан ылдый уруп жиберген. Натыйжада уурулук кылганга шектелген жаран алган жаракатынан улам каза болгон.

Киши өлтүрүүгө шектелип кармалган кыргыз жаранынын соттук отуруму 30-январда болуп, айыпталуучуга жактоочу жана котормочу жалданган.

«Соттук отурумга элчиликтин өкүлдөрү катышты. Соттун өкүмүнө ылайык, 1994-жылы туулган Н. уулу М. 2 айга эркинен ажыратылды», — деп жазылат билдирүүдө.

https://www.facebook.com/1535646593/videos/10220379101217708/
Количество просмотров: 4195