• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Орусияда кыргыз жигит жаш баланы уурдоо аракетин токтотуп калды (видео)

8 Аяк оона 202014:10 Бишкек Govori.TV

Орусиялык белгилүү блогер Михаил Литвин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына атайы тартылган тасма жайгайтырган. Анда ал көчөдө өтүп бараткан жарандардан кичинекей баланы убактылуу карап туруусун өтүнөт. Ал аңгыча чоң кара түстөгү жол тандабас менен адамдар келип жаш баланы уурдоого аракет кылат.

Бул социалдык экспериментке кокусунан тандалган кыргызстандык Азамат Нуржанов аттуу жаран катышып калат. Ал эки чоң кишиге туруштук берип жаш баланы куткарып калат.

Учурда бул видео орусиялык интернет айдыңында эң көп талкууланууда.

https://www.instagram.com/p/CE3mPqSj81L/?fbclid=IwAR3iXxKojLw23U9ATLWr4okrUZxXZr-An2uOiY-dnsdpFNRJkGUAEOKIHgo
https://www.instagram.com/p/CE1kHF2h_9n/

Маалымат боюнча Азамат Нуржанов 2019-жылы Кыргызстандын жеңил атлетчилер курама командасында машыккан. Учурда Орусияда иштейт.

Количество просмотров: 202