• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусияда кыргызстандын жарандары 10 айлык баланы түндө көчөгө таштап кеткен

6 Баш оона 2020 12:29 Бишкек Govori.TV

Москванын батышындагы турак үйдүн жанынан коляскадагы 10 айлык ымыркай табылды. Бул тууралуу орусиялык телеканалдардын биринде чагылдырылды.

Маалыматка ылайык, ымыркай туугандар арасында түрткүнчүк болуп, ага кам көрүүнү эч ким жоопкерчилигине алган эмес. Жыйынтыгында аны таштоого туура келген. Наристени 4-августта жолдон өтүп бараткандар таап алып, милицияга кабарлашкан.

Учурда наристе №9 балдар клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө. Аны түнкү саат экилер чамасында жолдон өтүп бара жаткан адамдар көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табышкан.

Дарыгерлердин айтымында, бала тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, кызматкерлердин кароосунда.

«Үйдүн алдында орнотулган камерага баланы таштап кеткен адамдар тартылып калган. Алар — баланын атасы Омар Мамунов жана чоң апасы, экөө тең Кыргызстандын жарандары. Ошондой эле баланын апасы да табылды, ал уулун кайтарып берүүнү суранууда», — деп айтылат программадагы маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө 10 айлык баланын азыркыга чейин документи жок экени дагы аныкталган.

Количество просмотров: 655