• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусияда кызганычтан улам мекендешине кол салган кыргызстандык жигит кармалды

5 Бирдин айы 2021 15:39 Бишкек Govori.TV

Орусияда кызды бычактоого шектелип, 23 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округунун башкармалыгынын полиция кызматкерлери Кыргызстандын ал өлкөдөгү өкүлчүлүгү менен биргеликте 24 жаштагы Р.А. аттуу кызга бычак менен кол салган И.Р. аттуу шектүү жаранды кармашты.

Кармалган жаран Красногорск шаардык округунун башкармалыгынын полиция бөлүмүнө жеткирилип, кылмыш ишти жасагандыгын мойнуна алган. Ал кол салууга кызганыч себеп болгонун билдирген. Шектүү Кыргызстандын 23 жаштагы И.Р. аттуу жараны болот. Жабыркаган кыз ооруканада, абалы туруктуу экендиги кабарланды.

Азыркы учурда зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүүдө. Эскерте кетсек, 2021-жылдын 2-февраль күнү саат 15:28дер чамасында Москва облусунун Павшинск бульвар көчөсүнүн №12 үйүнүн аймагында белгисиз жаран 24 жаштагы кызга кол салган.

Количество просмотров: 419