• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024
Die Tür zum Gesicherten Haftraum ist in der JVA des Offenen Vollzuges Berlin geöffnet. Foto: Soeren Stache/dpa

Орусияда маңзатты пропагандалоо үчүн кылмыш жазасын киргизүү сунушталууда

17 Бугу 2023 9:26 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик Думанын Саламаттык сактоо комитети депутаттарга «Маңзатты пропагандалоого тыюу салуу тууралуу» жана «Маңзатты пропагандалоо үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу» мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алууну сунуштады.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Орусиянын ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов рэп аткаруучулар маңзат тууралуу ырлары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экенин эскертти.

«Маңзат темасында ырдаган рэп аткаруучулар менен административдик жоопкерчилик тууралуу профилактикалык маектешүүлөрдү жүргүзүүгө туура келет. Эгер алар мындай ырларды аткарууну уланта берсе, анда камакка алабыз. Бирок 2024-жылдан баштап”, – деди Зубов.

Анын айтымында, кылмыш жазасы жаран мындай мыйзам бузуу үчүн экиден көп жолу административдик жазага тартылгандан кийин колдонулушу керек.

Мыйзамдар кабыл алынгандан кийин маңзат жөнүндөгү ырларды маркировкалоо милдеттүү болот. Кинотасмаларда атайын жүгүртмө саптар же титрлар жазылышы мүмкүн.

Ошол эле маалда бул мыйзамдар маңзат тууралуу маалыматтарды камтыган жана документ күчүнө киргенге чейин жарыяланган илимий, адабий же искусство чыгармаларына тиешелүү болбойт.

Административдик укук бузуулар кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө баңгизатты интернет аркылуу пропагандалоо үчүн айып пул салуу каралууда. Кылмыш кодексине сунушталган жаңы беренеге ылайык, маңзатты пропагандалоо үчүн айып пул төлөтүү, милдеттүү коомдук иштерге тартуу, ошондой эле эки жылга чейин эркинен ажыратуу же эркиндигин чектөө жазалары колдонулат.

Мыйзам долбоорлору кабыл алынса 2024-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Үч документти тең Мамдуманын 30-майдагы жыйынында биринчи окууда кароо сунушталууда.

Количество просмотров: 44