• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Орусияда мекендешинен акча опузалаган эки кыргызстандык кармалды

25 Бештин айы 2020 9:08 Бишкек Govori.TV

Орусияда мекендешинен акча опузалаган эки кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө азият түспөлүндөгү белгисиз адамдар өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн активдештирип жаткандыгы жана Россиянын аймагында эркинен ажыратылган жайларда жүргөндөрдү колдоо үчүн ар кандай шылтоолор менен мекендештеринен акча каражатын опузалап талап кылып жаткандыгы, Москва облусунун жана Москва шаарынын аймагында ишкерлик менен алектенгендердин үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жаткандыгы жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Ушул жылдын 21-декабрында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун 21 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кайрылып, 19-декабрда болжол менен саат 05:00дө 20-25 жаштардагы белгисиз адамдар ага карата укукка каршы аракеттерди жасагандыгын билдирген.

Окуя болгон күнү жабырлануучу ижарага алынган «Хендай Солярис» үлгүсүндөгү автоунаа менен «Яндекс такси» тиркемеси боюнча Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде бара жатып, жол чырактан токтогондо унаага 20-25 жаштардагы эки белгисиз адам отурган. Алар айткан дарекке жеткирип коюну кыргыз тилинде суранышкан.

Айткан дарекке жеткенде белгисиз адамдар тапанча жана бычак менен коркутушуп, 8700 рубль өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап, кошумча 30 миң рубль берүүсүн талап кылган.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү билдирүүнү тез арада аймактык полиция бөлүмүнө коштоп барып, кылмыштар жөнүндө арыздар менен билдирүүлөрдү каттоо китепчесине каттаткан.

23-декабрь күнү Чүй облусунун 23 жаштагы К.Б. аттуу тургуну (мурда соттолгон) жана Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы Б.А. аттуу тургуну кармалган.

Алар уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги аныкталган. Аларды кармоо учурунда бычак табылып, иштин материалына далил катары бекитилген.

Аталган факты боюнча Москва шаарынын аймактык полиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмү Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдын ала сүйлөшүү аркылуу куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык) көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш ишин козгогон.

Учурда жогоруда көрсөтүлгөн жарандар кармалып, кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды дагы аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 140