• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Орусияда мигрант кыз-жигиттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

19 Теке 202115:57 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Тергөө комитети 15 жаштагы өзбекстандык кыз менен 20 жаштагы Тажикстан жаранынын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Маркумдардын сөөгү 11-июлда Ленинграддагы токойдо асынган жеринен табылган.

Орусия Тергөө комитетинин Ленинград облусу боюнча өкүлүнүн айтымында, өлүмдүн версиялары каралууда. Кыз-жигит алдын ала сүйлөшүп алып жандарын кыйган болушу ыктымал деген божомол да бар.

Өзбекстандын Санкт-Петербургдагы консулдугунун өкүлү дипломатиялык өкүлчүлүк Шахода Шакированын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

Количество просмотров: 747