• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусияда мигранттарды согушка мажбурлай албайт

26 Аяк оона 2022 15:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россия Федерациясындыгы жарым-жартылай мобизилацияга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Кайрылууда социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандардын тез арада чыгып кетүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтар таркалып жатканына байланыштуу элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет:


«Россия Федерациясында жүргүзүлүүчү жарым-жартылай аскердик мобилизациялоо Россия Федерациясынын жарандарына гана тиешелүү. Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Россия Федерациясынын аймагында жүрүүнү уланта алышат.


Мындан сырткары, элчилик кыргызстандыктарды ар кандай чагымга алдырбоого, Россиянын аймагында жүргөндө бейрасмий маалыматтарды колдонбоого, ошондой эле уруксат берилбеген массалык иш-чараларга катышпоого чакырат».


Бул тууралуу кыргызстандын тышкы иштер министрлигине кайрылып, бирок маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Мекеме ич-ара сүйлөшүү болуп жаткандыгына байланыштуу убактылуу комментарий берүүдөн баш тартышты.


Ал эми чек ара кызматы да бул жагдайда маалымат берүүдөн баш тартышты. Кайрылуу жөнөткөнүбүзгө 3 күн убакыт болсо да, кыргыз мигранттары мекенине кайтып келүүсү көбөйүп жаткандыгы тууралуу маалыматты беришкен жок.


Орусия аймагында жашаган кыргызстандыктарды мекенине кайтып келишине эч ким каршылык көрсөтө албайт. Ал эми кош жарандуулугу болсо кыргызстан аларды камкордукка алууга милдеттүү.
Эгерде бир гана орусиянын жараны болсо, анда ал өлкөнүн мыйзамына бай ийет. Бирок, жарандыкты кайтарып алгысы келген мигранттар үчүн тезинен мыйзамдарды жөнөкөйлөтүү зарыл.

Количество просмотров: 225