• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусияда митингге чыккан Навальныйдын тарапташтары полиция тарабынан кармалды

23 Үчтүн айы 2021 17:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Орусиянын бир нече шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальный колдогон акциялар өтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, бир нече шаарда миңдеген тургундар акцияга чыгып Навальный абактан бошотууну талап кылышууда. Владивосток, Якутск, Южно-Сахалинск шаарларында эле омондор тарабынан кармалган жарандардын саны жүздөн ашканы айтылууда.

Оппозиционердин бошотулушун талап кылгандардын акциясы Москванын Пушкин аянтчасында жана Санкт-Петербургда да өтүүдө.

44 жаштагы Алексей Навальный — орус бийлигин аёосуз сындап келаткандардын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин жемкорлук иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келет. Жакында ал Путинге «мыйзамсыз каражат аркылуу аксарай курулган» деген тасма жарыялаган.

Ал 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган.

Количество просмотров: 213