Санкт-Петербург шаарында 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип Өзбекстандын 55 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ленинград облустук башкармалыгы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 2007-жылкы кыз бир ай мурда соцтармактарда белгисиз киши менен таанышып, 24-июлда жолугушууну макулдашкан.
«Ал киши ошол эле күнү түштөн кийин шаардагы мейманканалардын биринде кызга карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган. Бул факты боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголду», – деп жазылган башкармалыктын билдирүүсүндө.
Шектүү кармалып, ал Өзбекстандын жараны экени жана буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталган.
Бул окуя тууралуу полиция кызматкерлерине алгач медиктер кабар беришкен. Шаардагы мектептердин биринде 9-класста окуган кыз алардын ишеним номуруна телефон чалып, анча тааныш эмес киши ага сексуалдык зомбулук көрсөткөнүн айткан.