• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Орусияда президенттик шайлоонун датасы белгиленди

7 Бештин айы 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

Федерация Кеңеши 7-декабрда өткөн жыйында Орусиядагы президенттик шайлоонун датасын 2024-жылдын 17-мартына белгиледи. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Добуш берүү күнү федералдык мыйзам менен аныкталат, бирок сенаторлордун буйругу шайлоо өнөктүгүн расмий түрдө баштоого жол ачат.

Шайлоого катышуу ниетин Геннадий Зюганов, Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Борис Надеждин, ржевдик журналист Екатерина Дунцова билдирди. «Новые люди» партиясы өз талапкерин көрсөтүүнү пландап жатканын шардана кылды.

Количество просмотров: 109