• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Орусияда Rossgram деп аталган жаңы социалдык түйүн ишке кирди

29 Жалган куран 2022 8:47 Бишкек Govori.TV

Орусияда 28-мартта Rossgram деп аталган жергиликтүү жаңы социалдык түйүн ишин баштады. Бул тууралуу долбоордун расмий сайты кабарлады.

Жаңы соцтармакты дүйшөмбү күндөн тарта ЖМКлар, өнөктөштөр жана инвесторлор колдоно баштаса, кийинчерээк ал блогерлер менен жөнөкөй колдонуучулар үчүн да жеткиликтүү болот.

«Rossgram’да сүйлөшүү, блог жүргүзүү, бизнес кылуу, жаңылыктарды жарыялоо жана өз долбоорун түзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралат. Тиркеме Android менен iOS’тун базасында иштейт», — деп жазылган сайттагы маалыматта.

Буга чейин Rossgram’дын түзүүчүсү интернет-маркетологу Александр Зубов экени кабарланган. Жакында жаңы социалдык түйүн ишке киргизиле турганы 14-мартта, орус бийлиги Instagram’ды бөгөттөгөндөн кийин жарыяланган.

Орусияда Meta корпорациясына каршы соттук доолорго жана ага караштуу социалдык түйүндөрдү бөгөттөөгө анын контентиндеги эрежелер себеп болгон.

Количество просмотров: 231