• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Орусияда тажик мигранттарынын бычакташуусунун себеби айтылды

15 Кулжа 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын эки жаранынын өлүмү менен аяктаган уруш эмне себептен улам чыкканы белгилүү болду. Тажик мигранттарынын ортосунда жаңжал жаңы сатылып алынган автоунаанын мурдагы айып пулдары төлөнбөгөндөн улам келип чыккан.

Кандуу жаңжал 12-июнда Екатеринбургдун Бардин көчөсүндөгү «Монетка» дүкөнүнүн алдында болгон. «Озоди» радиосунун маалыматына караганда, жаңжал Хатлон облусу менен Согд облусунун жашоочуларынын ортосунда чыккан.

Екатеринбургдагы тажик диаспорасынын башчысы Фаррух Мирзоев Хатлон облусунун тургуну Согд облусунун тургунуна унаа сатып, кийин алар жаңжалдашканын билдирди.

«Сатып алуу-сатуу келишиминен кийин айып пул төлөө боюнча 6 миң рублга квитанция келген. Жаңы кожоюндар келип, айып пулду төлөп, унааны кайра каттатып берүүнү суранышкан. Айып пул төлөнбөсө, улам эскертүү келип жатканын билдиришкен. Башында кер-мур айтышып, андан соң жалжал бычакташуу менен аяктаган. Алардын ортосунда дагы эмне болгону белгисиз», — деди Мирзоев.

Автоунааны саткан жана сатып алган кишилердин тек-жайы азырынча белгисиз.

«Коммерсантъ» басылмасынын маалыматына караганда, 12-июндагы бул окуяда «эки тажик жараны каза болуп, дагы экөө жарадар болгон». Жаңжалдын курмандыктары 39 жаштагы Темур Исмоилов менен 22 жаштагы Хофиз Ниеззода экени айтылууда.

Согд облусунун Матча районунун Палдорак жамаатынын төрагасы Вохиджон Рахматов «Озоди» радиосуна айылдын эки тургуну Орусияда өлтүрүлгөн деген маалыматты тастыктады. Айылга жакынкы эки күндө Темур Исмоилов менен Хофиз Ниеззоддун сөөгү алынып келери күтүлүүдө.

Фаррух Мирзоевдин айтымында, бүгүн сот бул окуяга шектүүлөрдү камакка алуу боюнча чечим чыгарышы керек. Учурда бир нече адам сурак берип жатат.

Количество просмотров: 126