• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусияда тоноого айыпталган кыргызстандыктар кыйноого кабылганын билдиришти

21 Теке 2021 16:00 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында тоноого айыпталган кыргызстандык жарандар соттон акталган соң кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Алар полиция кызматкерлери кылмыш ишин илүү үчүн сабап, кыйнаганын билдиришүүдө.

Санкт-Петербург шаарынын тургунун тоногон деп шектелген кыргызстандык үч жаранды июль айынын башында райондук сот актады. Фрунзе райондук соту аларды кылмыш ишине тиешеси жоктугуна байланыштуу сот залынан бошоткон.

Кыргызстандык үч жаран: Заирбек Дүйшө, Бекболот Меңишбай жана Нургазы Сарыков Санкт-Петербург шаарынын тургуну Нина Гусенкону тоногон деп шектелип, 2020-жылдын январында камакка алынган. Полиция Заир, Бекболот жана Нургазыны туугандары менен чогуу жашаган батиринен кармап кетишкен.

Акталган мигранттардын сөзүнө караганда, жаңы кармалган учурда полицияда аларды баштарына желим баштык кийгизип, электрошокер менен кыйнашкан. Желим союл менен ичке, белине урушкан. Кыйноого чыдабаган Заирбек Дүйшө менен Бекболот Меңишбай кылбаган кылмышты моюнуна алышка аргасыз болушкан.

Ал эми Нургазы Сарыков кыйноолорго карабай эч бир кагазга кол коюп берген эмес. Ал полиция кызматкерлери кылмыш ишин моюнуна илүү үчүн кыйнаганын «Азаттыкка» билдирди:

«Бизди бөлүмгө алып барып, эки жарым суткадай кармашты. Кыйноо ошол жерде болду. Мени тынымсыз эки саат сабашты. Колумдагы кишенден кармап туруп, желим союл менен, жоокерлердин курунун темир жагы менен урушту. Акыры мен тура албай калганда токтотушту. Бизди убактылуу кармоочу жайда 12 күн атайын менин денемдеги көгала кетсин деген себеп менен кармашты. Ошо 12 күндөн кийин тергөө абагына алып барганда да денемдеги тактар кетпей, карайып турган».

Нургазыны убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына алып барышканда, ал жердин жетекчилиги денесиндеги көгала тактан улам аны кабыл алуудан баш тарткан.

Булардын адвокаты Павел Литвинов айтымында, тергөөнүн башында жабырлануучу Гусенко тоногон адамдарды жакшы таанып кала албаганын, алар беткапчан болгонун айткан. Бирок кийинчерээк көрсөтмөсүн өзгөртүп, өзүн тоногондон кыргызстандык Нургазы, Заир жана Бекболот экенин билдирген.

«Кыргызстандыктардын бул ишке тиешеси жоктугун далилдөөгө — алар иштеген ишканалардагы видеокамералардын да жардамы тийген. Андагы тасмадан Заирбек иштеген жеринен 27-декбарда, саат 21:58де чыгып кеткени аныкталган. Тагыраагы, окуя болгон учурда Заирбек шаардын башка тарабындагы ишканасында болгон», — деди адвокат.

Количество просмотров: 404