• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орусияда жол кырсыгынан 7 кыргызстандык жабыркады (видео)

15 Үчтүн айы 202015:31 Бишкек Govori.TV

Самара — Оренбург унаа жолунда кыргызстандык жети жараны кырсыкка кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 14-январь күнү эртең менен М-5 «Урал» трассасынын 181-чакырымында болгон. Анда үч унаа — эки Mercedes-Benz Sprinter менен Honda Stepwgn кагышкан.

“Окуянын кесепетинен сегиз киши — жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен Honda Stepwgn автосундагы жети кыргызстандык жабыркаган. Алардын үчөө Бузулук районундагы оорукананын реанимациясына, бешөө хирургия бөлүмүнө жаткырылган”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери башталган.

Количество просмотров: 357