• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Орусиядагы көпүрө кырсыгына кабылган 139 кыргызстандык кенемте алды

19 Тогуздун айы 2020 18:36 Бишкек Govori.TV

Москвада шаарындагы ишканада көпүрө урап жабыркаган 139 кыргызстандыкка кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-октябрдан баштап «ФМ LOGISTIC» ишканасы жабыркаган Кыргыз жарандарына компенсация төлөп баштады. Анда жалпы 160 жаран компенсация алат. Бүгүнкү күндө 139 жаран кенемте алды. Калган жарандар документтерин толуктап жатышат. Бир жума ичинде баары толук алып бүтүшөт. Ал эми ооруканада бир жараныбыз дарылануусун улантууда.

«Жабыркаган мекендештердин 29у ооруканага жаткырылган. Алардын айрымдары айыгып, кээ бири амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Бейтаптардын ичинен 24 жаштагы Ч.К. аттуу жарандын мээсине кан кетип, катуу жабыркаган. Ага операция ийгиликтүү жасалып, амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Учурда ооруканада бир жаран калды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы «FM LOGISTIC» (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, анда кыргыз жарандары дагы жабыркаган.

Количество просмотров: 129