• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орусиядагы кырсык: Эки кыргызстандык жабыркап, бирөө каза болду

26 Чын куран 202317:54 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Шадринск шаарында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 25-апрелде Екатеринбург – Шадринск – Курган унаа жолунда катталган. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Жеңил автоунааны Кыргызстандын жараны башкарып келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган кыргыз жараны алган жараатынан жеринен каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу жана 1999-жылы туулган жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Шадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган.

«Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргызстанга «жүк-200» жөнөтүү маселеси чечилип жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Жабыркагандардын абалы туруктуу экени кошумчаланды.

Количество просмотров: 154