Россия Федерациясына барган мигранттар профили боюнча иштебесе, 15 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсү талап кылынат. Мындай мыйзам долбоору даярдалып жатканы тууралуу РФнын Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы «Известияга» билдирген.
Маалыматка ылайык, документ өкмөттүн стратегиялык жыйынынын жыйынтыгы боюнча даярдалып, иш берүүчүлөрдүн уюшкан түрдө ишке тартууга кызыгуусун арттырууга жана жалпысынан приоритет катары мындай механизмди консолидациялоого багытталган.
«Мыйзам долбоорунда чет элдик жарандын Россияда убактылуу иштөө укугун тастыктаган атайын документ түзүү каралган. Практикада бул уюмдук жалдоо алкагында эмгек мигранты уруксат кагаздарына ылайык белгилүү бир иш берүүчүдө иштей турганын билдирет», — деп жазылат маалыматта.