• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Орусиядагы шайлоо: Бишкекте добуш бергени келгендер түшкө жуук көбөйдү

17 Жалган куран 202415:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Орусиянын элчилигине добуш берүү үчүн келгендердин узун кезеги жаралды.

Орус оппозициясы Орусиядагы президенттик шайлоодо Путиндин саясатына каршы тарапкерлерин добушканаларга чак түштө, саат 12ге келүүгө чакырган. Бул өнөктүктү “Путинге каршы чак түш” деп аташкан. Бишкектеги добушканага келгендердин басымдуу бөлүгү дал ушул акцияга катышуу үчүн келгенин “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн, Орусия президентин шайлоодо үчүнчү күн добуш берүү уланып жатат. 15-мартта башталган шайлоо 17-мартта аяктайт. Мунун алкагында Кыргызстанда төрт жерде — Бишкектеги элчиликтин, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун имараттарында, Кант жана Каракол шаарларында добушканалар ачылган.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

Количество просмотров: 109