Орусияда кароосуз калган кыргыз жарандыгына ээ 6 бала мекенге кайтарылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, балдарды алып келүү ишин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурган.
Элчилик Россиянын органдары менен балдарды өлкөгө жөнөтүү боюнча процедураларын аткарып, зарыл болгон тиешелүү документтерди даярдаган.