Кыргызстанга июль айында коронавирус күчөп, адистер жетишпей жатканда Орусиядан өз эрки менен келип, «кызыл зоналарда» иштеген дарыгерлер кайра иштерине кайта албай жатышат. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалыматка ылайык, бир ай мурун Орусиядан келген дарыгер Гүлбахар Кошоева «Семетей» обсерваторунда иштеген. Ал азыр Орусияга кайта албай жаткан ондогон дарыгердин бири.
«Жарандыгы бар кесиптештерибиз Орусияга кетишти. Бирок биз кете албай жатабыз. Айрымдары билет да кымбат экенин айтып жатышат. Орусиянын жарандыгы болгондору деле билетти 29 миң рублга сатып алып жатышат. Ал билетти деле төлөйлү десек, чек ара маселеси чечилбей турат. Мен өзүмдүн ордума башка адамды таштап кеткен элем. Азыр ал иштеп жатыптыр», — деген ал.
Гүлбахар Кошоева кайра Орусияга кайта албай калган жалгыз даарыгер эмес. Кыргызстанда июнь, июль айларында вирус күчөп, дарыгерлер жетишсиз болуп жатканда Орусияда иштеп жүргөн бир нече дарыгер ыктыярдуу түрдө Кыргызстанга келип иштеген.
Ал эми азыр «кызыл зоналарда» эмгектенген Москва, Санкт-Петербургдагы алдыңкы ооруканалардын кыргызстандык дарыгерлери ишине кайта албай убара тартышууда. Кыргызстандын оор күндөрүндө билек түрүп жардамга келген дарыгерлер азыр кете албай, ооругандары кенемте алышкан эмес.
Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ыктыярчы дарыгерлердин эмгегин баалап, алардын маселеси жакын арада каралаарын билдирди:
«Ыктыярчы дарыгерлер Кыргызстанга өтө керектүү маалда кайтышты. Алар тынбай иштеп, жардам беришти. Бирок ыктыярдуу деп аты айткандай, алар өз каалоосу менен келишкен. Ал эми алардын кайтуу маселесин Тышкы иштер министрлиги чечиши керек. Биз да өз атыбыздан кайрылуу жиберип, караштырганга аракет кылабыз», — дейт ал.