• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусиялык футболчунун жубайы кыргызстандык таксистти чаап жиберди

11 Үчтүн айы 2020 21:38 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында орусиялык футболчу Павел Погребняктын жубайы кыргызстандык таксистти чаап жиберди. Бул тууралуу «Sport.RU.» басылмасы жазды.

Мария Погребняктын айтымында, окуя Москванын көчөлөрүнүн биринде болгон. Такси кызматынын айдоочусу аны таксиден кууп чыгып, жеке буюмдарына зыян келтирген.

Ошол эле учурда Актилек аттуу таксист аны үйүнүн подъездине чейин жеткире албарын билдирген. Себеби унаа токтотуучу жайга акы төлөө керек болмок. Футболчунун жубайына бир нече кадам жөө басуусун суранган, бирок ал каршы болгон.

«Андан соң экөө кайым айтышып, Мария таксисттин кулак тушууна чаап жиберген», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1305