Ууланып ооруканага түшкөн орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйды Германияга учуп кетти. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун маалымат катчысы Кира Ярмыш Twitter баракчасында жазды
Ярмыштын тараткан маалыматына караганда, Навальныйдын жубайы Юлия Навальная учакта жолдошу менен бирге кеткен.
«Алексей учак менен Берлинге учту. Ден-соолук жана жашоо үчүн күрөш башталды, али көп кыйынчылыктар күтүп турат. Колдооңор үчүн баарыңарга рахмат», — деп жазат катчы.
Эске салсак, 20-августта Томск шаарынан Москвага учкан учакка олтуруп, абага көтөрүлгөндө Навальный өзүн начар сезип, эсин жоготкон. Учак аргасыз Омск шаарына конуп, ал тез жардам менен ооруканага оор абалда жаткырылган. Буга чейин Навальныйдын ууланганы айтылган болчу.