• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусиянын айрым облустары дрон чабулууну кабылып, нефтебаза өрттөндү

3 Баш оона 202413:14 Бишкек Govori.TV

Ростов жана Белгород облустарында 3-августка караган түнү дрон чабуулдарына кабылып, нефтебаза өрттөндү. Орлов облусунда эки дрон турак жайга түшкөн. Жергиликтүү бийлик соккуларга Украинаны айыптап жатат.

Орлов облусунун башчысы Андрей Клычков турак жайга тийген дрондон сырткары, үч учкучсуз аппарат жок кылынганын жана жаракат алгандар жок экенин билдирди.

Ростовдун губернатору Василий Голубев түндө 55 дрон чабуулу болгонун, андан эки райондогу кампалар талкаланганын билдирди. Жараат алгандар жок. Жергиликтүү тургундар чабуул жасалган Морозов районунда аскер аэродрому болгонун жазышууда. Каменск районундагы мунай резервуарынан өрт чыкты.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндө жалпы 36 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Орусия Украинага согуш ачкандан бери Орусиянын айрым аймактары дрон чабуулуна кабылып жатат. Андан имараттар талкаланып, адам курмандыктары болгон учурлар бар. Көпчүлүк учурда Украина дрон чабуулдары жөнүндө комментарий бербейт.

Количество просмотров: 131