• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Орусиянын биолаборатория куруу демилгесине кыргыз тарап каршы болду

19 Чын куран 202212:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан өлкө аймагында BSL3 биологиялык лабораториясын курууга каршы экендигин Москва шаарында өткөн жыйында билдиргенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Орусиянын борборунда өткөн кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отурумунда саламаттык сактоо тармагындагы мамилелер да талкууланган.

«Кыргызстандын аймагында биологиялык лаборатория куруу долбоору боюнча маселе да көтөрүлүп, Кыргызстан ага каршы экенин билдирди»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 257