• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусиянын Тажикстандагы аскердик базасына заманбап 30 танк жеткирилди

7 Бештин айы 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Тажикстандагы 201-аскердик базасына Т-72Б3М үлгүсүндөгү согуштук мүнөздөмөлөрү жакшыртылган 30 танк жеткирилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги орус Коргоо министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

Орусиянын Борбодук аскердик округу эскирген техникалардын ордуна жеткирилген танктар «танк батальонунун согуштук мүмкүндүктөрүн кыйла жогорулата» турганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, модернизацияланган Т-72Б3М танктары жаңы кыймылдаткычтар, пассивдүү жана активдүү коргонуу комплекстери, ошондой эле «Акведук» байланыш системасы жана көп каналдуу «Сосна-У» мээлегичи менен жабдылган.

Быйыл августта Ооганстандагы абалга байланыштуу Тажикстандагы Орусиянын аскердик базасына ракетага каршы «Корнет» деп аталган жаңы комплекстер жеткирилген. Бул комплекстер душмандын чопкутталган согуштук техникаларын, ошондой эле тик учактарын жана башка учкучсуз аппараттарын жок кылууга багытталган заманбап курал.

Ага чейин Орусиянын Борбордук аскердик округу Тажикстандагы базага «Верба» деп аталган көчмө зениттик-ракеталык комплекстер, «Калашников» АК-12 автоматтары жана заманбап снайпердик мылтыктар жеткирилгенин кабарлаган.

21-июлда Орусия Тажикстандагы аскердик базаны 17 даана БМП-2 автоунаалары менен күчтөндүрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Тажикстандын аймагында Орусиянын сыртындагы эң ири орусиялык аскердик база эсептелген 201-база жайгашкан. Анда 7,5 миңге жакын аскер кызматкери бар. Орус базасынын Тажикстандын аймагында жайгашуу мөөнөтү эки өлкө өкмөттөрүнүн макулдашуусу менен 2042-жылга чейин узартылган.

Количество просмотров: 120