• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ош аймагынын дарыгерлери гимн жазылган тактаны кесип стол кылганы чуу жаратууда

24 Баш оона 2018 13:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.08.2018.Govori.TV.
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы райондук оорукананын алдында мамлекеттик гимн жазылган тактаны кесип стол кылып койгонун көрүүгө болот. Бул тууралуу аны көргөн күбө Ырыскүл Орозбекова биздин агенттикке билдирди.
Анын айтымында, гимн биздин негизги атрибуттарыбыздын бири.
«Гимн биз үчүн ыйык болушу керек. Колдонуудан чыгып калса дагы Гимн жазылган тактанын орду бул жерде эмес. Гимндин дал ушул саптары кыскартылып алынып салынган. Биз эмне бул кыскартууну ар жерде жатыш үчүн кыскарттык беле? КРнын гимни. 2-куплетин алдырып койдук деп, кандай жерге таштап салганбыз”,–дейт Орозбекова.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ЖКнын 18-декабрындагы токтому менен бекитилип 1992-жылы кабыл алынган.
Количество просмотров: 29