• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери кармалды

8 Чын куран 202517:00 Бишкек Govori.TV

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коррупцияны жоюу жана мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, КР УКМК Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Э.Ж.М. тарабынан, каза болгон уулунун сөөгүн берүү процессин тездеткендиги үчүн, Түркия Республикасынын жараны Ч.А.А.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады.

«2025-жылдын 19-мартында Өзгөн районунун Баш-Дөбөн айыл аймагынын Көк-Таш тилкесинде 1995-жылы 14-ноябрда туулган Түркия Республикасынын жараны Ч.А.С.нын жансыз денеси табылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн РИИБ тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы 14-октябрда Өзбекстан Республикасында туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми дагы бир шектүү 1980-жылдын 15-сентябрында туулган Д.М. издөөгө алынган.

2025-жылдын 1-апрелинде Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун имаратында мурда белгиленген акча каражатын алгандан кийин Э.Ж.М. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды», — деп жазылат маалыматта.

Медицина кызматкерлеринин мындай аракеттери мамлекеттер аралык мамилелерге доо кетирип, өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизүүдө.

Количество просмотров: 500