• Шаршемби 23 Аяк оона 2020

Ош облусунда жер титирөө катталды

15 сентября 2020 в 9:43 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда жер титирөө катталды, – деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 15-сентябрь күнү саат 00:26да Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Көк-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 38