• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ош облусунда жер титиреди

4 Бирдин айы 202012:12 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 3-февраль күнү саат 21:46да Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 160