• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолу таштандыдан тазаланды 

25 Үчтүн айы 202410:56 Бишкек Govori.TV

Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолу таштандыдан тазаланып, жолдун тайгак тилкелерине инерттик материалдар чачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жолчулар аталган трассанын 37-80-чакырым аралыгында ыргытылган таштандылар жана башка тиричилик калдыктары чогултулду.

Транспорт жана коммуникциялар министрлиги жарандарды табият менен таттуу мамиледе болуп, жолго таштанды таштабоого чакырат.

Количество просмотров: 102