Ош шаарында билим берүү кызматкерлеринин «Август Кеңешмеси» өтүп жатат
Ош шаарында билим берүү кызматкерлеринин «Август Кеңешмеси» өтүп жатат
27 Баш оона 201811:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018.Govori.TV.
Бүгүн 27-августа Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында билим берүү тармактарынын Август Кеңешмеси өтүп жатат.
Бул кеңешмеге Билим берүү жана илим министринин өкүлү жана Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов баш болгон шаар жетекчилери, окуу жайлардын ректорлору, билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана ЖМК өкүлдөрү катышып жатат.
Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи — бардыгы үчүн сапаттуу билим берүү» аттуу кеңешмеде 2016-2017-окуу жылындагы жетишкендиктер, кемчиликтер жана 2018-2019-окуу жылына карата даярдыктар, тапшырмалар жана милдеттер талкууланып жатат.
Мындан сырткары мектептердин жетишкедиктери жана ийгиликке жетишкен мугалимдердин көргөзмөсү уюштурулду.