• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош ШИИБ: Матраимовдор «Азаттык» радиосунун кызматкерлери акча сурады деп айыптоодо

2 Тогуздун айы 2019 12:54 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 28-сентябрдагы Ош ШИИБне катталган арыздар боюнча иликтөө иштери уланууда.
«Азаттык» радиосунун кызматкерлери окуя боюнча өз көрсөтмөлөрүн беришти. Далил буюмдары катары алынган видеоаппаратураларга экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

«Эксперттер буюмдардын техникалык абалын жана ичиндеги жазуулардын бар же, жоктугун карап, бүтүм чыгарып беришмекчи. Окуя боюнча күбөлөр болгон болсо аларды аныктоо,көрсөтмө алуу боюнча иштер аткарылууда. «Азаттык» радиосунун чыгармачыл тобун Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнө алып барган жеке таксисттин дагы өздүгү аныкталып, окуя боюнча көрсөтмөлөрүн берди», — деп айтылат маалыматта.


Маалыматка ылайык, Башынан жарат алган 1989-жылы туулган Ош шаарынын ооруканаларынын биринде дарыланып жатат.(Арызында « дрон кулап кетти» деп көрсөткөн) 2019-жылдын 1-сентябрында, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн 1977-жылы туулган тургуну Ош ШИИБне дагы арыз менен кайрылып, ал арызында ал арызында үй бүлөсү тууралуу кооптонуп жаткандыгын, «Азаттык» радиосунун кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар же, жоктугун аныктап, үйүнүн жайланышы тууралуу ошол кылмыштуу топторго видеотасманы берилгенби же, жокпу аныктап берүүнү суранган.

«30-сентябрь күнү Ош шаарынын тургуну К.С. кайрадан арыз менен кайрылып, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ы.И. тарабынан ири суммадагы акча талап кылгандыгы боюнча мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнүп, күбө катары 2 жаранды ээрчитип келген. Анын арызы Ош ШИИБнын кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталды. К.С. өз арызында «Ы.И. менин офисиме келип, «мага 5000 доллар бербесең-интернетке чыгарамын. Болбосо «Лексус» машинаңды бересин» деп опузалады. Көңүлүмдөн чыгарып, 100 миң берейин деген сунушуму четке кагып, интернетке жарыялады» деген мазмундагы маалыматтарды көрсөткөн.
Бул арыз боюнча мурда токтотулган иш кайра жандандырылды. Анткени, К.С.нын 2019-жылдын 4-апрелде катталган ушундай эле мазмундагы арызы далилдердин жетишсиздигинен кыскартылган болчу. Учурда ыкчам иликтөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.


Количество просмотров: 68