• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ош жылытуу мезгилине даяр

25 Аяк оона 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

24-сентябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын калкы жыш жайгашкан кичи шаарчаларындагы отказандарды жылытуу мезгилине даярдоо иштери менен таанышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаар башчысы көп кабаттуу үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыз кылган СМУТТ, Ак-Тилек, Черемушки кичи районундагы буу казандарында болду.

Шаар башчысы 502 абонентти жылуулук менен камсыз кылган Көкүмбий участогундагы Подгорная отказанынын, 936 абонентти жылуулук менен камсыз кылган Жапалак участкасындагы Төлөйкөн отказанынын, анын ичинде 18 көп кабаттуу үйдүн жана «Жомок» бала бакчасынын, №50 Нышанов атындагы орто мектебинин отказандарынын даярдыгын карап чыкты. Ошондой эле Сулайман-Тоо участкасындагы Ош облустук төрөт үйүнүн жылуулук системасын да текшерди.

Таанышуу учурунда шаар башчысы калктын кайрылуулары жана жарандардын дебитордук карызы боюнча иш алып баруу боюнча тиешелүү ишканалардын жетекчилерине каттуу тапшырмаларды берди.

«Жылуулук менен камсыздоо» ишканасынын башчысы Беделбай Кадырбердиевдин айтымында, объектилерди алдыдагы 2020-2021-жылытуучу кыш мезгилине даярдоо графикке ылайык жүргүзүлөт.

«Учурда 83 буу казанынын 81и жылуулук берүүгө толугу менен даяр. Алдыда тиешелүү сыноо иштери жүргүзүлдү. Жылытуу мезгилине даярдануу боюнча төмөнкү иш-аракеттер аткарылды: жылытуу тутумун алмаштыруу, социалдык объектилердеги от казандарын алмаштыруу, буу казандарын (насостор, клапандар, чатырлар) капиталдык оңдодон өткөрүү. Мындан тышкары, 10,5 тонна көмүр алынган. Учурда Ош кышка толугу менен даяр», — деп белгиледи Кадырбердиев.

Количество просмотров: 21