• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто 21 жаштагы жарандын сөөгү өз унаасынын багажынан чыкты. Шектүү катары 2 жаш жигит кармалды

24 Бугу 2021 11:59 Бишкек Govori.TV

Ноокатта 21 жаштагы жигиттин сөөгү өзүнүн унаасынын багажынан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну, 1983-ж.т. С. И., Ноокат РИИБне иниси 2000-ж.т. Б у А. 2021-жылдын 21-май күнү чамасында “Деу-Ласетти” үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Аталган арыз Ноокат РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган.
Б у А.ны табуу үчүн Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу, Криминалдык милиция кызматынын, Көк-Жар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын 23-май күнү дайынсыз жоголгон Б у А.нын “Деу-Ласетти” автоунаасы Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан «Ака-Үка» чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган.

«Аталган автоунаага Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын арткы багажынан дайынсыз жоголгон Б у А.нын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон.Б у А.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Тергөө иштеринин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө учурунда Б у А.нын өлүмүнө себепкер болгон кылмышкерлерди аныктоо жана кылмыштын бетин ачууга багытталган бир катар тергөө тапшырмаларынын негизинде Ноокат РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлдөрү жана Көк-Жар АМБнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн изине түшүп, милиция кызматкерлери тарабынан Көк-Жар айылынын тургундары, 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. кармалышып тергөө кызматына камсыздалган», — деп айтылат маалыматта.

Эмне себептен өлтүргөндүн тактоо максатында тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштерин Ноокат РИИБи тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 410