Ош шаарында 3 балалуу келин өз жанын кыйды. Маалыматты Ош ШИИБ тастыктады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургунунан кабар келип түшкөн, анда Ош шаарынын «Туран» кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринен 30 жаштагы А. Н аттуу кыздын жансыз денеси асылган абалда табылганын билдирген.
«Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзгөн учурда, маркум Ош шаарыны 1991-жылы туулган А.Н экени такталып, өзүнүн апасынын үйүнүн кире беришиндеги устунда шарфка асынган абалда каза болгону аныкталды. Жансыз денеге соттук медициналык экспертиза дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.
Факты боюнча Ош ШИИБна кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын ЖКнин 137-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүү) менен катталып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бул ишке маркум эмне себептен баргандыгы иликтенип, такталып жатат.