• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Ошто 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

23 Бирдин айы 202311:22 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында жер титиреди.Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-февралда саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Тажикстандагы жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 148