• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошто акча уурдоого шектелген жаран кармалды

18 Жетинин айы 2022 13:23 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районунда 29 жаштагы жаран акча уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрь күнү райондук милицияга 51 жаштагы Б.Э. аттуу жаран кайрылып, батирине белгисиз жаран кирип, 50 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

«16-ноябрда аталган кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун 29 жаштагы С. А. уулу аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Тергөө ууланууда.

Количество просмотров: 175