• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто баңгизат сатууга аракеттенген 61 жаштагы жаран кармалды

5 Тогуздун айы 2022 10:57 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда жалпы салмагы 2 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурда 61 жаштагы Ж.С.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 229