• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто баңгизат сатып жүргөн 2 жаран кармалды

26 Кулжа 2021 14:24 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз сактап жана сатып жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-июнда Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун аймагында мыйзамсыз баңги затын сактап жана сатып жүргөн Ош шаарынын тургундары 25 жаштагы А уулу А.нын жанынан салмагы 2 граммды түзгөн кара-күрөн түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган жана 26 жаштагы А.Т. аттуу жарандын буюмдарын кароо учурунда салмагы 36 граммды түзгөн кара-күрөн түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган.

Бул факты Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) 1-бөлүмү менен 25-июнь кунү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү А.Т. аттуу жаран Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 266