Ош шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып беш партия АШКга арыз менен кайрылды. Арызды баштапкы жыйынтык боюнча мандат албай калган «Улуу-Журт», «Бүтүн Кыргызстан», «Келечек-Будущее», «Нур» жана шайлоо алдында тизмеден чыгарылган «Ынтымак» партиясы жазган.
Алар, шайлоодо мыйзам бузуулар көп катталганын, ар бир партияда далилдер бар экенин айтышууда.
Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Саясий жарышка жалпы тогуз партия катталган, бирок 10-июлда Боршайком «добуш сатып алуу аракетин көрдү» деген негизде «Ынтымак» партиясын тизмеден четтеткен.
Баштапкы жыйынтыкка ылайык, шаарда «Ата-Журт — Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Бир бол» партиялары алдыда.