Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында дайынсыз болуп изделип жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан. Бүгүн ИИМдин кызматкерлеринин издөө ишине көмөк көрсөтүү үчүн Алай райондук №68 куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды.
«Бүгүн жерине издөө-иштерин улантуу максатында Алай районунан 4 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылып, саат 11:10дө жансыз денени суудан таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берди»,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 12-январь күнү Гүлчө айылынын 71 жаштагы Бактыгүл Үсөнова аттуу тургуну үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгону кабарланган.